Украинада мунапыс боюнча президенттин сунушу кабыл алынды

Сүрөттүн булагы, Reuters
Украинада бийлик менен оппозиция массалык нааразылык акцияларынын катышуучуларына карата мунапыс жөнүндө бирдиктүү пикирге келе алган жок. Парламент президенттин сунушун кабыл алды.
Ага ылайык демонстранттар администрациялык имараттарды бошотуп, жолдорду ачканда гана мунапыс берилмекчи. Оппозицияга мындай шарттар менен кабыл алынган мыйзам жакпайт.
Мыйзамга 232 депутат “ооба” деген добуш берген. Бул сунушту парламенттен өткөрүү үчүн президент Виктор Янукович Радага келүүгө мажбур болгон. Ал “Аймактар” партиясынын депутаттарын парламент имаратынын ичиндеги кино залга чогултуп, депутат Мирошниченко аркылуу сунуштаган долбоорду колдоого алууга үндөгөн.
Оппозиция өкүлдөрүнүн айтымында, президент келгенге чейин “Аймактар” партиясынын мүчөлөрү оппозициялык долбоорлордун бирин колдоого даярданып турушкан.
Украинанын Киев жана башка шаарларындагы массалык нааразылык акциялары учурунда жүздөн ашуун демонстрант камакка алынган. Оппозиция аларга карата мунапыс жарыялоо өлкөдөгү кризистен чыгуунун жышааны болоорун айтып келет.
“Биз эч кандай шарт коюлбастан мунапыс жарыяланышын көздөйбүз. Өлкөдөгү кырдаалды жөнгө келтирүү үчүн саясий террорду токтотуу керек”, - деп айткан оппозициялык депутат Александр Турчинов.
Ал эми “Аймактар” партиясынын депутаттары кандайдыр бир шарттар менен түзүлгөн келишимдер аркылуу гана өлкөнү кризистен чыгарат деп эсептешет.

























