“Манчестер Ситини” сезондогу биринчи жеңилүүсү

Сүрөттүн булагы, AFP
Футбол
“Челси” клубу “Манчестер Ситини” сезондогу биринчи жеңилүүсүнө алып келди.
Бранислав Ивановичтин голу менен команда 1:0 эсебинде утту. Эки клуб тең азырынча премьер лиганын лидери болуп турган “Арсеналдан” 2 упай артта келатат. “Челсинин” макшыктыруучусу Жозе Мориньо, “Клубдун физикалык жана психикалык даярдыгы мыкты, бирок бул сезондо премьер Лиганы утпайт”,- деди.
Англиянын “Лиидс Юнайтед” клубу боюнча жаңы сүйлөшүүлөр башталды. Аны сатып алууга эки топ биригип, италиялык Масимо Селлино сунуш кылган акчаны биз да беребиз деп убада кылууда. Массимо Селлино клубдун 75 пайызын сатып алууну көздөөдө. Анын өткөн аптада клубдун тренерин кызматтан алуу аракети нааразылыктарды жараткан эле.
Атлетика

Кениядагы жөө күлүктөрдүн чордону деп эсептелген Итен шаарында атлеттер үчүн жаңы жол ачылды. Лорна Киплагат Спорт Академиясы курган жол башкала Найробинин сыртындагы биринчи комплекс. Мо Фара, Паула Рэдклиф сыяктуу Олимпиада чемпиондору жана рекорд ээлери аны сынап көрүштү. Тоолуу аймакта жайгашкан бул шаардан дүйнөгө таанылган атлеттер чыккан. Ал машыгууга өтө ыңгайлуу деп саналат.

























