Швейцариялыктар миграцияны чектөөгө добуш берди

Сүрөттүн булагы, Reuters
Швейцариялыктар референдумда Евробиримдик менен катташуу эркиндиги жөнүндө келишимден чыгууга добуш берди. Иммиграциялык квота киргизүүнү референдумга катышкандардын 50,3 пайызы колдоду.
Евробиримдик менен катташуу эркиндигин чектөө жөнүндө сунушту Швейцариянын элдик партиясы көтөрүп чыккан. Аталган партия иммиграция мамлекеттин негизине коркунуч туудуруп жатканын айтып келатат.
Евробиримдик референдумдун натыйжасына кабатыр экенин билдирди.
"Евробиримдиктин жарандарынын миграциясына квота киргизүү Евробиримдик менен Швейцария конфедерациясынын ортосунда адамдардын эркин катташуу принцибине каршы келет", - деп айтылат Евробиримдикте төрагалык кылып жаткан Грециянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.
Еврокомиссия Швейцариядагы референдумдун жыйынтыгына кабатыр экенин билдирип, бул демилгенин кандай кыйынчылыктарга алып келерин изилдөөгө аларын айтууда.
Швейцария Европалык Биримдикке кирбейт, бирок Евробиримдик менен тыгыз кызматташып, анын жарандарына эшиги ачык болуп келген.
Би-Би-Синин Швейцариядагы кабарчысы референдум бул өлкөдөгү салттуу бөлүнүүлөрдү дагы бир жолу ачыктап көрсөттү деп билдирүүдө.
Француз тилинде сүйлөгөн райондор иммиграциялык чектөөлөрдү киргизүүгө каршы болду. Ал эми көбүрөөк немец тилинде сүйлөгөн райондордо пикирлер экиге ажырап кетти, ал эми италян тилиндеги кантондор мигранттарга квота киргизүүнү бүт жактап жатышат.




























