Сирия: Курчоодо калган Хомс шаарынан 600 адам көчүрүлдү

Сүрөттүн булагы, AFP
БУУнун өкүлдөрү Сириядагы камоодо калган Хомс шаарынан 600 адамды, анын ичинде негизинен аялдарды, кары-картаңдарды жана балдарды көчүрүп алып кетишти.
Ошол эле учурда шаарга азык-түлүк, дары-дармек жеткирип бараткан автоколонна минометтордун аткылоосуна кабылды. Бир нече адам курман болуп, жаракат алгандар да көп экени белгилүү.
БУУ менен Сириянын Кызыл жарым ай коомунун гуманитардык жардамы өкмөттүк аскерлер бир жылдан бери камап жаткан шаардын борборуна жеткирилди.
Ишембиде жардам жеткирип келген автоунаалар шаарды тынымсыз аткылоонун айынан бир нече саат бою шаардан чыгып кете албай турушту.
Женевада жакында болгон сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында үч күнгө ок атышуунун токтотуу жөнүндө келишим болгондон кийин бул шаарга гуманитардык жардам жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Сүрөттүн булагы, BBC World Service
Би-Би-Синин кабарчысы Джим Мюирдин билдиргенине караганда, гуманитардык жардам жүктөлгөн автоколонна Хомстун эски бөлүгүнө жекшембиде жетип, андан кийин ошол жактан аялдар менен балдарды, кары-картаңдарды алып чыгып кетти.
Оппозициянын өкүлдөрү, ошондой эле Wall Street Journal кабарчысы Сириянын коопсуздук кызматы эвакуацияланган адамдардын ичинен бир тобун кармап, белгисиз жакка алып кеткенин айтышууда.
Хомстун губернатору Талаль Барази каалаган адамдардын баарысын эвакуация кылыш үчүн ок атышуу дагы үч күнгө узартылышы керек деп билдирди.
Сириянын бийликтери БУУ менен Кызыл жарым ай коомунун өкүлдөрү болгон колоннага козголоңчулар ок атты деп ишендирүүдө.
Оппозиция өз кезегинде ракеталык аткылоо Башар Асаддын аскери көзөмөлдөгөн аймактан болгонун жүйөө тартууда.
Жума күнү эле Хомстун борбордук бөлүгүнөн сексендей аял, бала жана кары-картаң эвакуацияланды. Алардын көбү ачкалыктан араң эле жаны калыптыр. Алар көп айлап нан көрбөй, жалбырак жана отоо чөп жеп жан багышкан.
Хомстун камоого алынган бөлүгүндө үч миң чамал адам жашайт. Башар Асаддын армиясы шаарды бир жарым жылдан бери камоого алууда.




























