Кытай-Тайван: 65 жылдан бери биринчи түз сүйлөшүүлөр

Тайвандыктар аралдын көз каранды эместиги эл аралык деңгээлде таанылышын каалашат.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тайвандыктар аралдын көз каранды эместиги эл аралык деңгээлде таанылышын каалашат.
Published

Кытай менен Тайвань 1949-жылдагы жарандык согуштан кийин жолу жогорку деңгээлде түз сүйлөшүүлөрдү өткөргөн жатышат.

Тайвандын өкүлдөрү басма сөз эркиндиги жөнүндө маселени көтөрүү ниети бар экенин билдиришүүдө.

Пекин өз кезегинде эркин соода жөнүндө келишимди ратификация кылуу маселесин чечкиси келүүдө. Бул келишимди азыркы учурда Тайвандын парламенти карагандан баш тартып келатат.

Кытай ошондой эле Тайванды өзүнүн аймагынын ажырагыс бөлүгү катары карап, расмий түрдө биригүүнү көздөп жатат.

Тайван болсо өзүн Кытай Республикасы деп атап келатат жана материктеги Кытайдын бүт территориясына ээлик кылгысы келет, бирок ошол эле учурда биригүү маселесин козгой элек.

Америка кошмо штаттары зарыл учурда Тайванды коргоого даяр экенин билдирген, анткен менен Вашингтон Тайванды көз каранды эмес мамлекет катары тааный элек.

Акыркы он беш жылда Кытай менен Тайвандын мамилеси кыйла жакшырды.

Сөз эркиндиги

2008-жылы Тайван менен Кытайдын ортосунда түз авиакаттамдар иштей баштап, эки тараптын соодасына жеңилдик алып келди.

Кытайдан барган туристтердин дагы Тайвандын экономикасын бекемдөөгө жардамы тийүүдө.

Эки өлкөнүн ортосунда бир катар соода келишимдери түзүлдү, тайвандык фирмалар материктеги Кытайдын экономикасына миллиарддаган доллар салышты.

Тайван Нанкиндеги сүйлөшүүлөргө Кытай боюнча координатору Ван Юйчини жиберди, ал эми Пекинден ошондой эле деңгээлдеги өкүл Чжан Чжицзюнь барат.

Нанкиндеги сүйлөшүүлөр Кытайда 1949-жылы болгон жарандык согуштан кийин эки өлкөнүн ортосунда биринчи жолу расмий деңгээлдеги сүйлөшүүлөр болуп калмакчы.

Бул жолугушууда Тайвандын өкүлдөрү Кытайга борбор шаарларда бири-биринин расмий өкүлчүлүктөрүн ачуу жөнүндө сунуш кылат деп күтүлүүдө.

Алар ошондой эле басма сөз эркиндигинин кепилдиктеринин зарылдыгын айтышмакчы, анткени бир катар тайвандык журналисттер Кытайда аккредитация ала албай коюшкан.

Басма сөз эркиндиги Тайвандын жашоочулары үчүн абдан маанилүү маселе. 19080-жылга чейин Тайванда катаң диктатура ММКлардын эркиндигин басып келген.