Үй ээлери муз бийинен алтын жана күмүш утту

Татьяна Волосожар жана Максим Траньков Сочи олимпиадасынын алтын медалын утуп алышты.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Татьяна Волосожар жана Максим Траньков Сочи олимпиадасынын алтын медалын утуп алышты.
Published

Орусиялык муз бийчилери Татьяна Волосожар жана Максим Траньков Сочи олимпиадасынын алтын медалын утуп алышты. Ал эми күмүш медал дагы орусиялык Ксения Столбова менен Федор Климовко багынды. Германиялык Алена Савченко жана Робин Шолков коло медалга ээ болду.

Орусия кечээ күнкү мелдештерде бир гана күмүш медалга ээ болгон эле. Аны Ольга Фаткулинасы кыска аралыкка, 500 метрге чейинки коньки жарышынан күмүш утуп берген.

Германиялык Эрик Френцель лыжа жарышынын бир түрүнөн алтын медал тагынды.Экинчи болуп япониялык Ватабэ, үчүнчү болуп үй ээси орусиялык Евгений Климов келди.

Аялдар арасында лыжа менен тоодон түшүү боюнча биринчи жолу эки спортчу бирдей убакытта келип алтын медалга ээ болушту.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аялдар арасында лыжа менен тоодон түшүү боюнча биринчи жолу эки спортчу бирдей убакытта келип алтын медалга ээ болушту.

Аялдар арасында лыжа менен тоодон түшүү боюнча биринчи жолу эки спортчу бирдей убакытта келип алтын медалга ээ болушту. Швейцариялык Доминик Гисин менен словениялык Тина Мазенин 1 минута 41,57 секунда убакытта келишкен.

Маара сызыгына экинчи болуп келген дагы бир швейцариялык спортчу Лара Гут коло алды. Ал болсо болгону 0.10 секунд артта келди.