Хомстогу өкмөт сурак жүргүзүп жаткан борбор

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Сирияда Бириккен Улуттар уюму ортомчулук кылып жетишилген тыныгууда Хомс шаарынын козголоңчулар кармаган бөлүгүнөн чыккан үч жүз киши дале суракка алынууда. Хомс шаарындагы Сириянын өкмөтү сурак жүргүзүп жаткан борборго БиБиСинин кабарчысы барып келди.

Хомстогу мектепте жүздөгөн адамдар өз тагдыры тууралуу чечимди күтүп жатышат. Үй-бүлөлөрү аларга келсе болот, бирок өздөрү чыгып кете алышпайт. Курчоодогу бул эски шаардан качып чыккандардын көбү келечеги бүдөмүк экенин билишет.

Биз баш баккан биринчи бөлмөдөгү эркектердин баарынын оор жаракаты бар. 14 жаштагы Абдул Карим, нан алайын деп сыртка чыкканда бутуна ок тийгенин айтты. Атасы эбак эле каза тапкан, апасы болсо тамак-аш жетишсиздигинен көз жумду. Ал коколой башы гана калганын айтты.

Ал эми Юсуф баса албайт. Тогуз жаштагы карындашы Мариям анын жанынан жылбайт. Ал бул эски шаарда медициналык жардам жоктугун айтууда. "Тамак тартыштыгынан чөптөрдү, мышыктын этин жедик, үй-бүлөлөр тамак үчүн мушташка да даяр болчу" дейт ал.

Эркектердин көбү видеого түшкүсү келбеди. Айрымдары согушка да катышканын айтышты. Бирок алардын башка жолу да жок эле. Отура берсе, ачкадан өлүшмөк. Бул киши өйдөңкү кабаттагы бөлмөдө суракка алынганын, өздөрү жөнүндө гана эмес, шаардагы көтөрүлүшчүлөр тууралуу да сурашканын айтты.

Аларга бул жерде лекция да окушат. Муну кайрадан тарбиялоо деп коюшат. Губернатор, “баарыбыз сириялыкпыз, бир тараптабыз”,-деп айтып келет. Бирок айрымдары эркиндикке чыкпай калабызбы деп коркуп жатат.

Хомстун губернатору Талал-Аль-Барази:

-"Менимче, булардын көбү бошотулат же мунапыс берилет. Алар каалаган жерине бара алышат. Бошотулбагандар сот жообуна тартылат.

БУУ бул аймакка тыкыр көз салып турат. Бирок уюм убакыт өткөн сайын буга да мүмкүнчүлүк болбой калышы мүмкүн экенин мойнуна алууда.