Кытай экономикасы кыйрайбы?

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Кытай соңку он жылдыкта экономикасы эң тез өнүккөн өлкө болду. Бирок Кытайдын ири карыздары жана мамлекеттик субсидиялары жөнүндө маселе көтөрүлүп, экономика басаңдайт, керек болсо бул - дүйнөдөгү экинчи ири экономика кыйрайт деген коптонуулар айтылууда.

Кытайдын сиз билбеген өңүтү... Үйлөмө аспаптардын коштосунда чыгарма аткарган Вухан шаарындагы алгачкы панк тобу. Бул өлкөдө өтө чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Кытай 2008-жылы насыяларды берүүнү колго алып, инвестициянын гүлдөп өсүшүнө жол ачкан. Бул Батыш себеп болгон банк кризисинен буйтап өтүүгө мүмкүнчүлүк берген. Кытай, Египет фараондорунан бери алгач ирет ири сумманы - 400 миллиард фунт стерлингди курулуш тармагына сарптады. Беш күн сайын жаңы имарат, 30дан ашык аэропорт, 25 шаардагы метро системасы, 6 миң миляга созулган ылдам темир жолу жана дүйнөдөгү эң узун үч көпүрө. Бул триллиондогон карыздан чыккан инвестиция.

Кытай өкмөтү карызга негизделген инвестиция токтошу керектигин, бул экономиканын төмөндөшүнө, керек болсо кыйрашына алып келерин түшүнөт. Кытай жөнүндө позитивдүү ойлонгон адамдар өлкө бул маселеде жол таап кете алат дешет. Бирок математикалык жактан алганда, карыз экономикадан эки эсе көп жана эки эсе ылдам өсүп жатканда, абалдан чыгуунун жолу жок.

Өнүгүү роккер Ву Вейге өтө деле таасир калтырган жок. "Бул мамлекетке, айрым бай адамдарга гана жакшы. Кээ бир адамдар колунда бийликти кармап турат. Бул карапайым кытайлыктар үчүн жакшы деле эмес. Жакырлар жакыр бойдон калып, байлар байып эле баратат,"-дейт ал.

Адатта тартылуу күчү экономикага да таандык. Өйдө чыккан нерсе, кайра артка түшпөй койбойт.