Россия Украинага эки миллиард доллар жардам жиберет

Сүрөттүн булагы, AP
Москва декабрда Украинанын солгундай түшкөн экономикасына жардам иретинде $15 млрд убада кылган, бирок анын ичинен берилгени $3 млрд.

Сүрөттүн булагы, AFP
Өткөн айда массалык толкундоолордун кысымы астында Украинада премьер-министр кызматынан кеткенден кийин Россия жаңы өкмөт куралмайынча кезектеги траншты токтотуп турарын ишара кылган.
Кезектеги транш массалык каршылык акциялардын кысымына кабылган президент Виктор Януковичтин абалын бекемдөөгө жардам болмокчу.
Украинада оппозиция 2004-жылдагы Конституцияга кайтып баруу маселесин парламенттин күн тартибине койдурууга жетишүүгө умтулууда. Бул чара Януковичтин бийлигин чектеп, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого алып келиши мүмкүн. Оппозициянын активисттери ушундай талаптар менен Жогорку Раданын алдында жаңы каршылык акциясын өткөргөн жатышат.
Оппозиция ошондой эле баш калаа Киевден сырткары жакта чоң жыйын өткөрүүнү сунуш кылууда.
























