«Майдан» Арсений Яценюкту премьер-министр кызматына көрсөттү

Сүрөттүн булагы, AFP
Киевде «Майданда» болгон «элдик вече" "Батькивщина" фракциясынын лидери Арсений Яценюкту премьер-министр кызматына талапкер кылып көрсөттү. Ошондой эле министрлер кабинетине башка талапкерлер да аталды. Жаңы Өкмөттө люстрация боюнча комитет да түзүлө турган болууда. Майдандагы вариант боюнча алганда евроинтеграция маселелери боюнча вице-премьер кызматына мурдакы тышкы иштер министри Борис Тарасюк сунушталды. Гуманитардык саясат боюнча вицеликке Ольга Богомолец, дагы бир вице-премьер-министрликке - Александр Сыч, юстиция министринин кызматына - Павел Петренко көрсөтүлдү.
Тышкы иштер министрине талапкер болуп Андрей Дещица, ички иштер министри болуп - Арсен Аваков, антикоррупциялык бюронун башчылыгына журналистка Татьяна Черновол, люсстрациялык комитеттин башчылыгына - Егор Соболев талапкер болуп аталууда.
Майдандагы каршылык акцияларында зомбулук көргөн Дмитрий Булатов дагы спорт жана жаштар министри болуп калышы ыктымал.
Тизмеде Виталий Кличко башында турган УДАР партиясынын бир дагы өкүлү жок.
Майданда ошондой эле инфрструктура министри кызматына Леонид Костюченкого сунушталып сүйлөшүлүп жатканын айтышты. Ал эми коргоо министрине талапкерди афган согушунун ардагерлери тандап жатышыптыр.
"Оң сектор" кыймылынын лидери Дмитрию Ярошко Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кызматы сунушталды.
«Саясий жан кечтилер»

Сүрөттүн булагы, .
Премьер-министр кызматына талапкер Арсений Яценюк Би-Би-Сиге айткан сөзүндө Украина жардын кырында, ал эми өкмөт «саясий жан кечтилерден» турат деп билдирди.
"Элге жаңылануу керек, бирок жаңы өкмөттүн милдети кырдаалды турукташтыруу керек. Мурдакы президент менен өкмөттүн коррупциялашкандыгынан улам биз элге жакпай турган кадамдарга барууга туура келет. Өлкөдө абдан оор финансылык кырдаал түзүлдү", - деди Яценюк.
Ал ошондой эле Россия менен жакшы мамиле түзүүгө умтуларын кошумчалады:
"Россиядагы өнөктөштөр менен мамилени жаңыча куруу зарыл. Россия биздин кошунабыз эле эмес, ошондой эле өнөгүбүз деп ишенебиз", - деп баса белгиледи Яценюк.
Жаңы өкмөттү түзүү маселесин Жогору Рада 27-февралда карайт.




























