Украинада жаңы өкмөт куралды

Published

Украинанын Жогорку Радасы өкмөт башына "Батькивщина" фракциясынын лидери Арсений Яценюкту шайлады. Министрлер кабинетинин толук курамы дайындалып, өкмөттүн курамы үчүн депутаттардын 331 макулдугун берди.

Яценюктун талапкерлигин бейшембиде "Европалык тандоо" коалициясы көрсөткөн эле. Коалициялык көпчүлүккө "Батькивщина", "УДАР", "Эркиндик" фракциялары, "Экономикалык өнүгүү", "Суверендүү европалык Украина" депутаттык топтору кирген.

Жаңы өкмөттүн курамында кимдер бар?

“Өкмөттүн негизги милдети абалды турукташтыруу. Мурдагы өкмөт менен президент ушунчалык коррупциялашкандыктан, өлкө каржылык жактан айласыз абалда тургандыктан, өтө жагымсыз кадамдарга барганы жатабыз”.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, “Өкмөттүн негизги милдети абалды турукташтыруу. Мурдагы өкмөт менен президент ушунчалык коррупциялашкандыктан, өлкө каржылык жактан айласыз абалда тургандыктан, өтө жагымсыз кадамдарга барганы жатабыз”.

Раданын спикери жана президенттин милдетин аткарып жаткан Александр Турчиновдун айтымында, көпчүлүк жаңы дайындалган министрлер бир дагы саясый партияга мүчө эмес.

Биринчи вице-премьер кызматына Виталий Ярема, вице-премьер - Александр Сыч, Аймактын өнүктүрүү боюнча вице-премьер Владимир Гройсман, өкмөттүн аппаратына Остап Семерак дайындалды.

Украина Тышкы иштер министрлигин Андрей Дещица жетейтейт, Коргоо министрлигине Игорь Тенюх, Агрардык саясат жана өндүрүш министрлигине Игорь Швайка келди.

Жаңы өкмөттүн алдында бир гана саясый көйгөйлөр турган жок. Премьер-министри Арсений Яценюк:

-Өкмөттүн негизги милдети абалды турукташтыруу. Мурдагы өкмөт менен президент ушунчалык коррупциялашкандыктан, өлкө каржылык жактан айласыз абалда тургандыктан, өтө жагымсыз кадамдарга барганы жатабыз,-деп айтты.

Бүгүн өлкөнүн төмөндөгөн экономикасы тууралуу тынчсызданууларды күчөтүп, украин валютасы гривнанын курсу рекорддук деңгээлге түшүп кетти. АКШ насыя катарында миллиарддаган долларды убада кылууда. Бирок өлкөнү кармап туруу үчүн бул эле жетиштүү эмес.

Янукович Орусиядан баш калка сурады

Януковичке Украинда эл аралык издөө жарыялашкан эле
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Януковичке Украинда эл аралык издөө жарыялашкан эле

Украинадагы демонстрациялар, башаламандыктардан кийин Жогорку Рада тарабынан бийликтен четтетилген президент Виктор Янукович Орусиядан баш калка сурап, коопсуздугун сактап берүүнү өтүнгөн. Януковичтин жеке коопсуздугун камсыздоого Москва макул болгон.

"Менин дарегиме жана менин колдоочуларымдын дарегине коркутуулар болууда. Мен Орусиядан жеке коопсуздугумду экстремисттердин аракетинен сактап калууну өтүнүп кайрылдым” деп кайрылганын орусиялык айрым агентитиктер жазып чыгышты. Янукович өз кайрылуусунда ал өзүн дале Украинанын мыйзамдуу президенти экенин айткан. Украин Радасынын чечимин легитимсиз деп айыптап, оппозиция менен саясый кризистен чыгуу боюнча 21-февралдагы келишимди аткаруу үчүн күрөшөрүн билдирген. Шаршембиде Януковичке Украинда эл аралык издөө жарыялашкан эле.

Крымдагы окуялар

Крымдагы өкмөттүк имараттарды орус желегин көтөргөн адамдар басып алгандан кийин, Украинанын убактылуу өкмөтү коопсуздук күчтөрүн жогорку даярдыкка келтирди. Крым Украинанын аймагы. Бирок ал жерде Россиянын Кара деңиз флоту дагы жайгашкан. Крымдагы окуялар Киевде тынчсызданууларды жаратты. Бул аймакта Киевде орногон жаңы украин бийлигин таануудан баш тартышууда жана Орусияга ыктагандар көп.

Симфераполдо түн ичинде куралдуу топ ээлеп алган өкмөттүк имараттарда эрте менен Орусиянын желеги көтөрүлдү. Аймакта чыңалуу байкалат. Орусия армиясын чектеш аймакта ири аскердик машыгууларды өткөрүүгө буйрук берген. Бирок АКШнын мамлекеттик катчысы аскердик кийлигишүүгө каршы эскертүү жасады.