Крымда кырдаал курч

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Украинанын түштүгүндөгү Крым аймагында куралчан топтор эки аэропортту басып алышты. Алар ким экенин жарыялашкан жок.

Украинанын Ички иштер министри Арсен Аваков :

“Бул суверендүү өлкөнүн аймагында түздөн-түз куралдуу кан төгүүгө түртүп жаткан чагым. Бул эми азыр ИИМдин компетенциясына кирбейт. Бул Улуттук Коопсуздук кызматынын иши. Азырынча куралдуу кагылыштар боло электе дипломаттар сүйлөшүүсү керек”,-деп жазды өзүнүн Facebook баракчасына.

Крымдагы Орусиянын Кара деңиз флоту буга тиешебиз жок деп чыкты. Украин өкмөтү БУУнун коопсуздук кеңешин өлкөдөгү кырдаал боюнча атайын жыйын өткөрүүгө үндөдү.

Түн ичинде Симферопол жана Севастополдогу аэропорттордо ондогон куралдуу кишилер пайда болгон. Симферополдо аба майданы мурдагыдай эле иштеп жатат деп айтылууда. Ал эми Севастополдогу аэропортту бөгөп салышкан. Кабарчылар аэропортту куралдуу аскерлер кайтарып турганын айтууда, бирок аскер кийимдери кимге таандык экендиги белгисиз, эч кандай белгилери жок.

Ал ортодо Украин президентинин милдетин аткаруучу Александр Турчинов өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчиси Юрий Ильинди кызматтан алды.