Крым парламенти автономия жөнүндө референдум жарыялады

Published

Крым парламентинин кезексиз жыйынында референдум өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынганын Крым Жогорку Кеңешинин басма сөз катчысы Ольга Сульникова билдиргенин Интерфакс-Украина кабарлады.

Бул окуянын алдында Крымдын Жогорку Радасынын президиуму автономиянын укуктарын чоңойтуу маселеси боюнча референдум өткөрүү чакырыгы менен элге кайрылган эле.

"Биздин ишенимибизде автономиянын макамын өркүндөтүү жана анын укуктарын чоңойтуу маселеси боюнча бүткүл крымдык референдум гана крымдыктарга тышкы басымга жана диктатка карабай автономиянын келечегин аныктаганга мүмкүнчүлүк берет”, деп айтылат Крымдын Жогорку Радасынын кайрылуусунда.

Ошондой эле крым депутаттары автономиянын өкмөтүн кызматтан кетирди, бул чечимге 64 парламентарийдин 55 добуш берди.

Ал ортодо Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы Крымда референдум өткөрүүгө укуктук база жок деп билдирди.

25- майда Украинада бир эле учурда президенттик шайлоо жана Киев администрациясын шайлоо өтөт.

Жаңы лидерлер

Крым парламентинин спикери Владимир Константиновдун берген маалыматына караганда, Крымдын Жогорку Радасы Крымдын Министрлер Советинин жаңы төрагасы кылып "Русское Единство" партиясынын лидери, депутат Сергей Аксеновду дайындады.

Владимир Константинов, парламенттин алдында митинг өткөрүп жаткандардын алдын чыгып сүйлөп, жаңы премьердин талапкерлиги алар легитимдүү президент деп таанып жатышкан Виктор Янукович менен макулдашылганын билдирди.

Украинанын президентинин милдетин аткаруучу Александр Турчинов Президенттин Крымдагы туруктуу өкүлү Виктор Плакиданын отставкасын кабыл алып, анын ордуна Крымдын Министрлер кабинетин эки жолу башкарган Сергей Куницынды дайындады.

Парламенттин басып алынышы

Бейшембиге караган түнү куралдуу адамдар Симферополдун чок ортосундагы Крымдын Жогорку Радасы менен Министрлер Советинин имараттарын басып кирип, алардын үстүнө Россиянын желегин сайышты.

Крымдын вице-премьери Рустам Темиргалиевдин айтымында, Рада менен Министрлер Советин басып алгандар өздөрүн «Крымдын орус тилдүү калкынын өзүн өзү коргоо өкүлдөрү" деп аташууда. Алар Россиянын генералдык консулдугу менен сүйлөшүүдөн баш тартышты.

Бир катар күбөлөр Симферополдун жанынан бери дегенде жети россиялык БТРди көргөнүн айтышууда. Украинанын ММКларынын маалыматы боюнча алар шаарды көздөй баратып, кайра артка кайтып кетишти.