Саакашвили: Орусияга каршы санкция киргизүү керек

Сүрөттүн булагы, AP
Европа биримдигинин лидерлери Брюсселде Украинадагы кризис боюнча чукул жыйын өткөрүүдө. Ага катышып жаткан Украинанын жаңы премьер-министри Арсений Яценюк, жыйындын чечими Орусиянын абалды турукташтырууга канчалык дилгир экенине байланыштуу болоорун айтты.
Михаил Саакашвили Орусия менен конфликти жакшы билет. Ал 2008-жылы Грузиянын президенти кезде Орусия менен беш күндүк согушту башынан өткөргөн. Ал азыр Киевде Украинанын жаңы өкмөтүнө кеңешчи болуп жатат. Би-Би-Си аны кепке тартып, Европанын лидерлери бүгүн кандай чечимге келиши керек деп сурады.
- Менимче, алар санкцияларды киргизиши керек. Мен билгенден, Путинге тиешеси бар расмийлердин, таасирдүү адамдардын тизмеси бар. Эгер санкция киргизилбесе, Европадагы Кансыз согуштан кийин түзүлгөн, мыйзамга таянган эл аралык тартип урап түшөт. Бул Евробиримдик үчүн абдан маанилүү учур.
- Айрымдар азыр катаал мамилени көрсөтүүнүн мезгили эмес, бул маселеден компромисс жолу аркылуу гана чыкса болот деп жатышат. Алар Орусияга "мына, ыктымал кыйынчылыктарга кабылбай, жүзүңдү сактап кал" деген мүмкүнчүлүк берилиши керек деп жатышпайбы?

Сүрөттүн булагы, AFP
- Владимир Путин эгемен мамлекеттин аймагын, газдын ири кору бар жерди ээлеп алды. Азыр ал жактагы окуялар Ирактын Кувейтти басып алганына окшош. Анткени Крымда Европадагы сланец газынын ири кору бар. Чынын айтканда, сланец жакынкы жылдары Европа үчүн газдын альтернативдүү булагына айланат. Владимир Путин муну билет. Америкалык компаниялар да буга чоң акча салышкан. Ушуга окшош шартта компромисс жөнүндө сөз болгон акыркы учур - британ премьер-министри Невилл Чемберлендин убагында болгон. Ал Чехославакия "биз жакшы билбеген, алыстагы өлкө, биз Гитлер менен компромисс - мунаса табышыбыз керек, Гитлер чектен чыгып кетпейт, орток жолду табышыбыз керек" деп айткан. Бирок ал эмнеге алып келгенин билебиз. Азыркы учур мыйзамдуулук маселеси, колдонулган терминдери боюнча ал учурга аябай, аябай окшош.
- Албетте, Украина НАТОго кирбейт. Бирок бул уюм Украина аскердик жактан колдоого алып, күчтөрүн жибериши мүмкүн деп ойлойсузбу?
- Украина "Будапешт" протоколунун негизинде өзөктүк куралдан баш тартып, Улуу Британия, Франция, Америка жана Орусиядан коопсуздук боюнча кепилдик алган. Ага ылайык, Украинанын аймактык бүтүндүгү сакталышы керек. Элестетсеңиз, азыр Украинанын ядролук куралы болсо, Орусия мындай аракеттерге даабайт эле да. Башка өлкөлөр коргойбуз деп кепилдик бергени үчүн Украина мындан баш тарткан. Эгер бул кепилдик иштебесе, эртең Орусия Балтика өлкөлөрүнө чабуул коем деп чечсе, НАТОнун бешинчи беренеси иштеши керек. Мисалга катары айтсак, эгер ушундай эле көрүнүш Эстониянын орустар жашаган шаарында болсо, айрымдар, балким германиялыктар "бул чындап эле агрессиябы, биз эми Эстония үчүн согушубуз керекпи" деп суроо коюшу мүмкүн. Мындай талкуу жүрүп жаткан Орусия мындай кичине өлкөнүн бат эле басып алат. Путиндин тез аракетке өткөн тактикасы бар. Анан Батышка бул маселени көпкө чейин талкуулаганга жол берип коет. Андан соң көңүлдү башкага буруп салат. Натыйжада маселе унутулуп калат. Биз бир нерседен башташыбыз керек. Андан кийин гана жылыш болот. Эч аракет кылбай коюу - абалга өтө туура эмес баа бергендик болот.

























