Украина: Женевада келишим кабыл алынды
Женевада келишим кабыл алынып, аны Орусия менен АКШ колдогонго карабастан, Украинанын чыгышында орусиячыл топтор өкмөттүк жана полиция имараттарын ээлеген бойдон турушат. Келишимге ылайык куралчан топтор куралын тапшырып, мунапыс менен кетиши керек эле. Бирок тирешүү уланууда.
Кол алышуу, макулдашуу жана толгон-токой суроолор... Женевадагы сүйлөшүүлөрдө "чыңалууну басаңдатат" делген келишимге жетишилди.
Ага ылайык:
- Украинадагы мыйзамсыз куралчан топтор имараттардан чыгарылып, куралсыздандырылат;
- Олуттуу кылмыштарды жасагандардан башка демонстранттарга мунапыс берилет;
- Бардык аракетке Европанын коопсуздук жана кызматташык уюму байкоо салат.

Сүрөттүн булагы, AP
Бирок кеминде бир тарапта бул келишим боюнча күдүк суроолор бар.
"Путин мырза бул сүйлөшүүлөргө үмүт берген сөзүн ишке ашырат деп ишенебиз. Бирок биз көзүбүз менен көрмөйүнчө баа бере албайбыз",-деди АКШ президенти Барак Обама.
Түндө Донецк аймагындагы демонстранттар аларга кененирээк укук берүүчү референдум өтмөйүнчө токтобой турганын айтышкан. Баарынан мурда аларда ишеним жок.
"Биз эч кимге ишенбейбиз. Биз бактысызбыз. Эч бир өлкө бизди колдобойт",-деген пикирин демонстранттардын бири билдирди.

Сүрөттүн булагы, AFP
Киевдеги өкмөт өтө жигердүү болбосо да кол коюлган келишимди талкуулоо үчүн чогулду. Украинанын убактылуу премьер министри Арсений Яценюк:
"Бул жыйындан кийин Орусия орус армиясына гана тиешелүү куралдарды көтөргөн, "демонстрант" делген жикчилдерди жана террорчуларды каржылаганын, колдогонун токтотот деп күтөбүз."
Бул келишимден кийин жакында Донецктеги бул сыяктуу басып алынган имараттар бошотулуп, Орусияга каршы санкциялар токтошу мүмкүн. Бирок бул ачыкка чыгып алган кыжырданууну көзөмөлдөй алаары күмөн.





























