Аббас Холокост окуясын “тарыхтагы эң оор кылмыш” деп атады

Палестин автономиясынын башчысы Махмуд Аббастын бул сөзүн израил бийлиги сынга алды
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Палестин автономиясынын башчысы Махмуд Аббастын бул сөзүн израил бийлиги сынга алды
Published

Палестин автономиясынын башчысы Махмуд Аббас фашистик режим тарабынан еврейлерге карата кыргынды азыркы доордун жеткен кара ниеттик иши деп сыпаттады. Ал Холокост окуясында курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, англис тилинде билдирүү жасады.

Бүгүн Израил Холокосттогу курмандыктарды эскерүүдө. 6 миллионго жакын еврейлер фашистер табарынан экинчи дүйнөлүк согуш маалында геноциддик саясатка тушугуп кырылган.

Жыл сайын бул күнү Израилде аза күтүү музыкасы жаңырат. Анда бейкүнөө курман болгондор эскерилип, эки мүнөт “аза күтүү” убакытысы жарыяланат. Көптөрү өлгөндөрдү эскерүү ырым-жырымдарын колдонуп үйлөрүндө шам жагышат.

Аббаска жооп кылган Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху “еврейлерди мазактагандарды колдоп, билдирүү таратуу Аббастын иши эмес” деди. Эгер палестин бийлиги ХАМАС жамаатын колдой турган болсо, Израил өкмөтү алар менен сүйлөшүүлөргө барбай турагынын жарыялады.