Financial Times: Кытай быйыл АКШны артта калтырат

Published
Кытай бул жылы Америка Кошмо Штаттарын экономиканын көлөмү боюнча артта калтырышы мүмкүн экендигин айтат Financial Times басылмасы.
Гезит мындай божомолду Дүйнөлүк банктын экономисттеринин соңку изилдөөсүнө таянып жазган. “АКШ дүйнөдөгү эң ири экономика деген статусун күтүлгөндөн мурдараак жоготуп алышы мүмкүн”, - деп жазат гезит.
АКШ экономиканын көлөмү боюнча Улуу Британиядан 1872-жылы озуп өтүп, ошондон бери бул статусту бекем кармап келет. Ушул күнгө чейин көпчүлүк эксперттер Кытай экономиканын көлөмү боюнча Американы 2019-жылга чейин ашып өтөт деп эсептеп келген эле.

























