Австралияда миллиардер телеканалдын жетекчиси менен мушташа кетти

Иликтөөгө Сиднейдин Бонди пляжында миллиардер Джеймс Пекер жана Channel Nine телеканалынын жетекчиси Дэвид Гайнджелл мушташып жаткан видеосу себеп болгон.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иликтөөгө Сиднейдин Бонди пляжында миллиардер Джеймс Пекер жана Channel Nine телеканалынын жетекчиси Дэвид Гайнджелл мушташып жаткан видеосу себеп болгон.
Published

Австралиянын полициясы жеке ишкер менен коммерциялык каналдын башчысы мушташа кеткендигин иликтей баштады.

Иликтөөгө Сиднейдин Бонди пляжында миллиардер Джеймс Пекер жана Channel Nine телеканалынын жетекчиси Дэвид Гайнджелл мушташып жаткан видеосу себеп болгон. Бул факты апта соңунда катталган.

Чатактын себеби азырынча белгисиз. Урушкан эки тарап тең болгон окуга карабастан, достук мамилесин сактап калганын айтышууда.

Мурда Гайнджелл жана Пекер бири-биринин үйлөнүү тоюнда күйөө жолдош болуп катышканы маалым болгон.