Славянсктагы кагылышууда эки тараптан тең жоготуулар бар

Сүрөттүн булагы, Reuters
Украина бийликтеринин Славянсктагы терроризмге каршы операциясы учурунда төрт аскерий өкүл каза тапты. Улуттук гвардиянын башчысы Степан Полторактын айтымында, орусиячыл жикчилдер гранатомет, миномет жана пулеметтор менен куралданган.
“Алар жакшы даярдалган”, - деп кошумчалады командачы. Мындан мурдараак, күч органдары жергиликтүү теле мунараны ээлегенде жикчилдер чегинүүгө мажбур болгону айтылган.
Славянск районунда ири калибердүү пулеметтон аскерий тик учак атып түшүрүлгөн. Учак дайрага кулап, ичиндегилер тирүү калган. Жикчилдер кыска убакыттын ичинде ушуну менен үчүнчү тик учакты атып түшүрүшүүдө.
Дүйшөмбү күнү эртең менен Славянск шаарынын чет жакасында согуштук операциялар жанданган. Айрым кабарларда орусиячыл жикчилдер менен кагылышуу шаардын ортосуна чейин жеткени айтылууда.
Украина расмийлери кагылышууларда Ички иштер министрлигинин төрт аскери мерт болгонун билдиришти. Отуздай киши жарадар болгону айтылууда.
Жикчилдер болсо, өз катарынан жыйырма адам каза тапканын, 15и жарадар болгонун айтышкан.
Би-Би-Си кабарчысынын айтымында, учурда Славянск шаарынын ичи тынч. Жашоочулар таң эртең менен атышуулардын үнүн угушканын билдиришкен.

























