Моника Левински Клинтон чатагын дагы бир жолу эскерди

Сүрөттүн булагы, GETTY IMAGES
АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон менен жакын мамиледе болгону менен таанылган Моника Левински көп жылдар бою маалымат каржаттарына чыккан эмес.
Кырк жаштагы Левински Vanity Fair журналына үй-бүлөлүү президент менен мамиле курганына терең өкүнгөнүн жазды.
Мониканын айтымында, президент аны “пайдаланган”, ошентсе да ортодогу сексуалдык мамиле эки тараптын каалоосу менен болгонун кошумчалайт.
Клинтондун Левински менен мамилеси жөнүндө ант кармап берген маалыматтары жалган деген айыптоолор 1998-жылы ага каршы импичмент жарыялоо аракетине түрткү болгон. Бирок республикачылар анда президентти бийликтен кетире алган эмес.
Левинскинин көп жылдан бери үн катпай келатканына карабастан, мурдагы президент жана анын жолдошунун өтмүшүн дагы бир ирет эске салгандар бар. 2016-жылы Клинтондун жубайы Хиллари Клинтон президенттик шайлоого барышы мүмкүн экенин эске алып, республикачылар ага карата бул чатакты колдонушу мүмкүн деген божомолдор чыкты.
Vanity Fair журналына Моники Левинскинин макаласынын үзүндүсү (текст толугу менен кийинки аптада жарыяланат) жарык көрдү. Анда Моника мурдагы президент Клинтон менен болгон секс чатакты өзүнүн версиясында жазып чыккан.
Левински андан тышкары азыр деле көчөдө көргөндөр аны тааныганын, Левински ысымы маалымат каражаттарында акырындык менен жазыла баштаганын айтууда.
“Мен кайра-кайра кайталагым келет: Мен. Болгон. Окуяга. Абдан. Өкүнөм”,- деп жазат Моника.





























