Таиландда каршылык лагерине кол салуу болду

Published

Талиланддын борбору Бангкок шаарында каршылык акциясына чыгып жаткандарга белгисиз адамдар кол салып, эки адам курман болду, 20 адам жаракат алды.

Инцидент активисттердин лагери жайгашкан Демократия монументинин жанында болду.

Күбөлөрдүн айтымында, кол салгандар гранатометтон аткылашты, андан кийин башка куралдар менен каршылык акциясына чыккандарга ок жаадырышты.

Таиландда активисттер жарым жылдан бери өлкөнүн премьер-министринин милдетин аткаруучу Йинглак Чинаваттын кызматтан кетишин талап кылышууда.