Кыргыз футболунун намысын коргогон чет элдик оюнчулар

- Author, Руфат Эргешов
- Role, Бишкектик журналист
- Published
Кыргыз футболу ФИФАнын рейтингинде кыйла жогорулап, 146-орунга чыкты. Бул көрсөткүчтүн жогорулашында Кыргызстанга чет өлкөдөн чакырылган оюнчулардын жана машыктыруучулардын салымы орчундуу экени айтылууда. Алардын арасында Сербия менен Пакистандан келген оюнчулар бар.
Кыргызстандын “Дордой” командасы үч ай мурда Сербия менен Пакистандан төрт футболчу алып келген. Алардын бири сербиялык Драган Милованович.
“Мен буга чейин Сербиянын командасында ойночумун. Жакында эле мага Кыргызстандан чакыруу келип, ошондон кийин "Дордой" клубунда ойноп келе жатам. Мындан кийин өзүмдүн жаңы командам менен олутуу атаандаштар менен беттешүнү көздөп жатабыз. Мен өзүмдү профессионал футболчу деп эсептейм. Мен өзүмө ишенем”,- деди Драган Милованович.
Драган жана анын командасынын машыктыруучусу Завиши Милосавльевич да Пакистандан Кыргызстанга жакында эле келген. Атайын конкурс менен тандалган бул машыктыруучу буга чейин Пакистан курама командасын машыктырганын айтат. Ал тарбиялап жаткан команда Азия Футбол Федерациясынын кубогуна кирүү үчүн астейдил күрөшүп жаткан кези.
“Чет өлкөдөн чакыртып алган футболчулар буга чейин эл аралык беттештерде ийгилик жараткан. Буларды Кыргызстандык клубдарда ойнотуп, тажрыйба алмашуу максатында чакырганбыз. Мен чет өлкөдөн келген футболчулардын кыргыз футболуна кошкон салымы чоң экенин белгилегим келет. Мына Кыргызстандын курама командасында Африка өлкөлөрүнөн келген Дэвид Тетте жана Дениэл Тего ойнойт. Булар жакшы ийгиликтерге жетишкени үчүн кыргыз аларга жарандыгы берилди”,-дейт Завиши Милосавльевич.

Чет өлкөдөн кандай футболчулар келип жатат дегенде, пикирлер эки ача. Спорт кабарчысы Табылды Асангариев чет өлкөдөн футболчуларды алып келгенден көрө кыргыздын футболчуларын тарбияласак дейт.
Бара-бара борбор калаа Бишкекте футбол аянтчалары көбөйүп жатат. Өткөн айда Кыргызстанга келген дүйнөлүк футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Йозеф Блаттер, жаңы аянттын ачылышына катышып, кыргыз футболу соңку жылдары өнүгүүгө багыт алганын белгилеген. Бирок олуттуу жеңиш качан болот?

























