Таиланддын армиясы өлкөдө аскердик абал жарыялады
Таиланддын армиясынын командачылыгы саясий кризисти баштан өткөрүп жаткан өлкөдө “мыйзамдуулук жана тартипти кармоо” максатында аскердик абал киргизгенин жарыялады.

Сүрөттүн булагы, AP
Аскер жетекчилери бийликтин ыйгарым укуктарын өз колун алышы Таиланддын Өкмөтү үчүн күтүүсүз болду. Таиланддын Өкмөтүнүн коопсуздук иштери боюнча башкы кеңешчиси өлкөдө аскердик абал киргизүү жөнүндө бийлик менен эч ким сүйлөшпөгөнүн билдирди.
Таиландда 2006-жылы дагы аскер жетекчилери ушундай жол менен бийликке келишкен. Бул жолу алар өздөрүнүн аракетин мамлекеттик төнкөрүш катары кабыл албоо керек деп жатышат.
Аскердик абал өлкөдө өкмөт менен оппозициянын ортосунда бир нече айга созулган саясий карама-каршылык болуп жатканда киргизилүүдө.
Социалдык тармактагы маалыматтарга караганда, аскер күчтөрү телевизиондук станцияны өздөрүнүн көзөмөлүнө алышты.
Саясий кризис

Сүрөттүн булагы, AFP
Таиланд соңку убакта оор саясий кризисти баштан өткөрүүдө. Оппозиция бийликти атайын комиссияга өткөрүп берүү менен жаңы конституция иштеп чыгууну талап кылууда.
Кабарчылардын айтымында, коменданттык саат киргизүүнү өлкөдө төңкөрүш болуп жатат деп түшүнүп, азыркы өкмөттүн жактоочулары катуу каршы чыгышы мүмкүн.
7-майда Таиланддын Конституциялык Соту премьер-министр Йинглак Чиннават бийликтен кыянат пайдаланып койду, ошондуктан кызматтан кетиши керек деп чечкен.
Сот премьерди 2011-жылы улуттук коопсуздук жетекчисин башка кызматка которуп жатканда конституцияны бузду деп күнөө коюуда.
Өткөн ишембиде оппозициянын лидери Абхисит Ветчачива бийликтегилерди саясий кризисти чечип алуу үчүн июлга белгиленген шайлоону жарым жылга узартууга чакырып чыккан эле.




























