Европа биримдиги Европарламентти шайлады

Сүрөттүн булагы, Getty
22-25-май айында Европа биримдиги Европа парламентти шайлады. Бул шайлоо эмне үчүн маанилүү?
Биринчиден бул - дүйнөдөгү эң көп өлкө катышкан демократиянын үлгүсү болуп саналат. Европанын дээрлик бардык бурчунда добуш берүү жүрөт. Экинчиден, бул шайлоо Евробиримдигинде жашаган 500 милллион адамдын келечегине түздөн-түз таасирин тийгизет.
Европарламент уюмдагы негизги маселелер боюнча чечим кабыл алат. Парламентте 751 оорун бар жана алар 28 өлкөгө бөлүштүрүлгөн. Парламенттин мүчөлөрү жергиликтүү өкмөт менен мыйзамдарды кабыл алып, бюджетти туура колдонууга көмөк көрсөтөт. Парламент мүчөлөрүнүн макулдугу аркылуу гана Европа биримдиги уюмга кирбеген өлкөлөр менен соода иштерин жүргүзө алат. Албетте, уюмга жаңы өлкөнүн кошуу чечимин да Европарламент кабыл алат.
Парламент Европа биримдигинин түздөн түз шайланган түзүмү болуп саналат. Алар Брюссель жана Страсбург шаарларында жайгашкан. Шайлангандан кийин парламент мүчөлөрү саясый көз караштары окшош жети топтун бирөөсүнө кошулат. Мисалы, андай топтордун арасында Социалисттердин, солчулардын топтору бар.
2009-жылдагы акыркы шайлоодон кийин парламенттин ыйгарым укуктары көбөйгөн. Эми алар Европа биримдигинин эң чоң милдетин аркалоону, башкача айтканда Европалык коммиссиянын президентин шайлоону көздөп жатат.
Европа үчүн маанилүү шайлоону евроскептиктер жана оңчул партиялар жеңип алды. Франсуз депутаттары мындай күтүлбөгөн жыйынтыкты "саясий зилзала" деп мүнөздөштү. Франциянын Улуттук фронт партиясы жана Улуу Британиянын көз карандысыздык партиясы көп орунга ээ болду. Мурунку үч ортоңку партиялар парламенттеги орунун жоготушту.
Эксперттердин пикиринде, мындай жыйынтыктын натыйжасында Европа биримдигине каршы тургандар жана аны толук жоюу керек дегендердин үнү күч алат. Бирок интеграцияны колдогондордун парламентте күчү дале көптүк кылат. Улуу Британиянын көз карандысыздык партиясынын жетекчиси Найжел Фараж "" деп белгиледи.
Бирок Европа биримдигин колдогондор шайлоого көп эл катышканына сүйүнүштү. Алдын ала маалымат боюнча, Европа парламентти шайлоого атуулдардын 43 пайызы добуш берди.




























