Евразия союзун түзүү боюнча келишимге кол коюлду

Published

Астанада Евразия союзун түзүү боюнча келишимине кол коюлду. Андан тышкары Орусия, Казакстан жана Белорусия кирген Бажы биримдигине Кыргызстанды кошуу планы бекитилди.

Евразия экономикалык союзу Орусия, Казактан жана Белорусия ортосунда түзүлдү. Москва бул биримдик мүчө өлкөлөр ортосунда бирдиктүү соода-сатык байланышын түзүп, экономикалык саясатты бириктирет деп үмүттөнөт.

Документ келерки жылы күчүнө кирет. Сынчылар бул документ аркылуу Кремль Советтер союзун кайра курууга аракет кылат деп мүнөздөшүүдө.

Кыргыз президенти А.Атамбаевдин басма сөз кызматы тараптан келген билдирүүгө караганда, Кыргыз лидери Кыргызстан Бажы биримдигине кошулган алгачкы жылдары кыйынчылыктарды тартышы мүмкүн экенин белгилеген.

“Бизди, айрыкча өндүрүш төмөнөп, жумушсуздук күч алат деген божомол кабатырлантат. Бирок, Орусия тарап бул өткөөл мезгилде Кыргызстанга жардам берүү үчүн атайын фонд түзүп жатканына ыраазылык билдирем. Бул фонд Кыргызстандын Бажы биримдигине жуурулушуп кетишин жеңилдетет”, - деп айткан ал.

Андан тышкары Кыргызстан президенти Бажы союзу өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жана жаңы технологиялар менен инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк ачат деп кошумчалаган.

Окшош футболка кийген онго жакын активисттер элдерге бажы биримдигинин зыяны тууралуу айтып жатышты
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Окшош футболка кийген онго жакын активисттер элдерге бажы биримдигинин зыяны тууралуу айтып жатышты

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 2014-жылдын ичинде Евразия экономикалык союзуна Армения, ал эми 2015-жыл ичинде Кыргызстанды кошуу макулдашылганын айтты.

Ал ортодо Кыргызстандагы активисттер Кыргыз жетекчилерин курамына Орусия, Казакстан жана Белорусия кирген Бажы биримдигине кошулуу ниетинен баш тартууга үндөп, борбор калаада дагы бир жолу нааразылык акциясын өткөрүштү.

“Экономикасы чакан өлкө Орусия сыяктуу ири экономикага менен атаандаша албайт. Андыктан бул уюмга кирүү Кыргызстанды экономикалык жагынан да, саясий тараптан дагы көз карандылыкка алып келет”- дейт "Бажы союзуна каршы кыймыл" уюмунун мүчөсү Аида Алымбаева.