Сирияда согушка карабай шайлоо өттү

Бул шайлоодо Башар Асаддын жеип чыгарынан дээрлик эч ким шек санаган жок.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул шайлоодо Башар Асаддын жеип чыгарынан дээрлик эч ким шек санаган жок.
Published

Сириянын өкмөт көзөмөлдөгөн райондорунда президенттик шайлоо өттү. Эртең мененки жетиде башталган добуш берүү дагы беш саатка узартылып, түн ортосуна чейин созулду.

Өкмөттүн каршылаштары бул шайлоону "фарс" деп аташты.

Булл шайлоодо Башар Асаддын жеңип чыгарынан дээрлик эч ким шек санаган жок.

Сирияда үч жылдан бери жарандык согуш жүрүп жатат, андан 150 миң адам курман болду, бир нече миллиону үй-жайын таштап качкын болуп кетти.

Дамаскдагы Өкмөттүн өкүлдөрү бул шайлоо кризисти чечүүгө жардам берет деп жатышат.

Би-Би-Си кабарчысынын айтымында, шайлоого катышкан башка эки талапкер – Махер Хаджар менен Хассан Ал Нури – элге анча белгисиз ишмерлер, шайлоо өнөктүгүн Асад менен тең өткөрүүгө аларда мүмкүнчүлүк болгон жок.

Оппозиция «боштондукка чыккан» деп атаган райондордо добуш берүү болгон жок. Оппозиция андан сырткары өкмөттүк күчтөр шаарлар менен кыштактарды бомбалап жатканда добуш берүүнүн өзүн чыккынчылык деп атады.

Кабарчылардын айтымында, Идлиб провинциясындагы шаарлар менен кыштактардын жашоочулары бул шайлоонун алар үчүн эч кандай мааниси жок экенин билдиришкен. Алардын сөзүнө караганда, президент Башар Асад «кан ичкич», режим ага добуштардын 99 % баары бир алып берет.