Ирак шаарлары согушкерлердин колунда
Иракта исламчыл согушкерлер Мосул шаарын каратып алгандан кийин кеминде жарым миллиондой адам качууга аргасыз болду. Мындай маалыматты Эл аралык миграция уюму билдирди. Өздөрүн "Ирак жана ал-Шам ислам мамлекети” деп атаган топтун жүздөгөн жихадчылары шаарды ээлеп, Ниневия аймагын курчоого алган. Бул окуядан улам аскердик күчтөр да аймактан качууга аргасыз болду. Бул топ Ирактын эн чоң мунай шаары саналган Баижини да колго алганы кабарланууда.
Өлкөнүн премьер-министри Нури Малики парламенттен өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялоону суранды. АКШ кыскартып айтканда ISIS деп аталган топ бүтүндөй өрөөндү коркунучка кептегенин айтты.
Жихадчылардын Ирактын эң чоң жана стратегиялык шаарларынын бири саналган Мосулду каратып алышы өлкө үчүн гана эмес, эл аралык коомчулук үчүн күтүүсүз окуя болду. Азганактай согушкерлер кантип шаарды тез арада басып алды деген суроо талкууга алынууда.
ISIS же "Ирак жана ал-Шам ислам мамлекети" делген уюм соңку бир жарым жылда бир нече чабуулдарды уюштуруп, миңдеген адамдардын өмүрүн кыйган. Алар Сирия согушуна катышуу менен күчтөнүп алышты. Бир нече ай мурда алар Багдаддын жанындагы эки шаарды басып алышкан. Эми Мосул шаары алардын колуна өтүшү шииттерден чыккан премьер-министр Нури ал-Малики менен анын суннит каршылаштары ортосундагы туңгуюкка себеп болду.

Ансыз да алсыз делген армиянын катары сунниттер басымдуулук кылган аймактарда суюлуп баратат. Ал жерлерде ISIS уюму жана алардын шииттерге каршы идеологиясы жайылууда. Ырайымсыздыгы менен таанылган топтон корккон аскерлер менен полицейлер өз тозотторун, карапайым тургундар үйлөрүн таштап качууда.
"Ирак жана ал-Шам ислам мамлекети" - "Аль-Каиданын" бир бутагы болуп саналат. Алар Сириянын чыгышы, Ирактын батышы менен борбордук бөлүгүн көзөмөлдөп турат. Бул топ өзүнчө мамлекет түзүүнү көздөп келет.
Исламдын суннит багытын жактаган бул топтун 3 миңден 5 миңге чейинки согушкери бар. Алар суннит азчылыктары менен шииттерден чыккан премьер-министр башкарган өкмөттүн ортосундагы карама-каршылыкты өз пайдасына колдонууда.





























