Казакстанда мунай кенинде жарылуу болду

Published

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Мангистау облусундагы мунай кенинде жарылууда эки киши каза болгонун билдирүүдө.

"Карамандыбас" мунай кенинде "Озенмунайгаз" компаниясы тарабынан GPS системасы орнотулуп жаткан мезгилде жарылуу болгон.

Жарылууда эки жумушчу мерт кетип, эки киши жаракат алганы кабарланууда. “Учурда алар оорукана дарыланууда”- дейт Казакстандын расмийлери.