ДЧ: Нидерланд Испанияны кантип токтотот?

Published

Күндүн негизги спорт жаңылыктары

Футбол

Сан-Паулодогу бет ачаар оюнда Бразилия Хорватияны 3-1 эсебинде утту. Адегенде Марсело өз дарбазасына бир гол тээп салганына карабай, жергиликтүү күйөрмандар шаңдуу олтурушту. Кийин Нэймар эсепти теңеп, оюндун экинчи жарымында бир пенальти киргизди. Андан соң, Рамирестин жардамы менен Челсинин жарым-коргоочусу Оскар жеңишти бекемдеди.

Бүгүн азыркы дүйнө жана Европа чемпиону Испания Нидерланд менен беттешет. Алар 2010-жылы да финалда ойношкон.

Элдин көзү голландиялык тренер Луис ван Гаалга кадалат. Ал "Манчестер Юнайтеддин" жаңы менеджери болуп дайындалгандан кийин бул анын алгачкы олуттуу эларалык оюну. Ал оюнчуларын бекемдеш үчүн коргоого беш киши коюп, испан чабуулчуларынын кыймылын чектөөнү пландаштырууда.

Теннис

Франциянын ачык чемпионатын тогуз жолу утуп алган биринчи ракетка Рафаэль Надаль бүгүн Германиянын "Жерри Вебер" турниринен чыгып калды.

Дүйнөдө 85 оорунда турган германиялык Дастин Браун түз сеттерде 6-4 6-1 менен бир эле сатта утуп алды. Ай соңунда Уимблдон турнири болгону жатса, бул жылы чымда биринчи жолу ойноп чыгып, утулуп калган Надалга оор болду.