Кытайда жардыруудан 17 аскер курман болду

Published

Кытайдын түштүк-чыгышындагы Хунань провинциясында курал сактаган складда болгон жардыруудан бери дегенде он жети аскер мерт болгонун өлкөнүн маалымат каражаттары билдирүүдө.

Андагы кабарларга караганда, жардыруу курал-жаракты складда жыйнап жатканда болгон.

Күбөлөрдүн айтымында, жардыруу толкуну складды бүтүндөй талкалап алып кеткен.

Хэнъян шаарындагы полициянын өкүлдөрү карапайым адамдардын арасында курмандыктар жок экенин билдирүүдө.