Суарес дагы “тишин көрсөттү”

Published

Кечээ күнкү тайпалык оюндардын соңку беттештерин өткөргөн Коста-Рика “футболдун мекени” атагын алып жүргөн Англия менен тең ойноп, өз тайпасында биринчи болуп кийинки баскычка жолдомо алды. Ушул эле тайпадагы Италия менен Уругвайдын беттешүүсү 0:1 эсебинде жыйынтыкталды. Италиялыктар эми өз үйүнө кайтууга камынып жатышат. Кызыктардын бири ушул беттеште болду.

Уругвай-Италия бетешүүсүнүн экинчи бөлүгүндө уругвайлык чабуулчу Луис Суарес италиялык коргоочу Жоржо Кьеллини менен кагылышып кетти. Телеаркылуу көрсөтүлгөн кадрларда Суарес италиялык оюнчунун далысын тиштеп алганын көрсөтүлдү. Эми бул чоң ызы-чууну жаратышы мүмкүн.

Көпчүлүк футбол күйөрмандары Суарестин “тишин көрсөткөн” окуяларына көп эле күбө болушкан. Ал биринчи жолу голландиялык “Аякс” футбол командасында ойноп жүргөндө "Эйндховендин" оюнчусу Отман Баллаланы тиштеп алып, жети оюнга чыкпай турган болуп жазаланган.

Өткөн жылдын апрелинде Англиянын "Ливерпуль" командасында ойноп жүрүп, "Челси" коргоочусу Бронислав Ивановичтин колун тиштеп алып, тогуз беттешке чыкпай калды. Бул окуядан кийин Суарестин футболдогу атагына чекит коюлду деп айтылган эле.

Бирок ал кийинки беттештерде мыкты ойноп, Англия Премьер Лигасынын эң мыкты оюнчусу аталды. Анын трансфердик баасы 60 млн фунтка чейин өсүп, дүйнөнүн эң мыкты делген футбол клубдары өз катырнда болуусуна кызыкдар экенин айтышкан.

Италия менен болгон беттештен кийин Суарес уругвайлык телеканалга сүйлөп жатып, бул окуя жөн гана футбол тааласында боло келген көрүнүш экенин айтты. “Аны менен кагылышып кеттик. Мындайлар болот,”- деди Суарес.

Эми бул окуянын соңу эмне болот? ФИФА чемпионаттагы эң атактуу делгендердин бирине жаза береби? Азырынча эч кандай реакциялар байкала элек.