Суарести шакаба чеккендер көбөйдү
Күндүн негизги спорт жаңылыктары
ФУТБОЛ
Дүйнөлүк чемпионатта группалык оюндар жыйынтыкталды.
Португалия Кристиано Роналдонун чечүүчү голу менен Гананы 2:1 эсебинде утту. Бирок экөө тең группадан чыкпай калды.
АКШ Германияга 0:1 эсеби менен утулса да немистер менен кошо экинчи айлампага чыкты.

Сүрөттүн булагы, AFP
Алжир Орусияны утуп, биринчи жолу экинчи этапка өттү. Түштүк Корея Бельгиядан 0:1 менен утулуп, үйүнө сапар алды.
Эми алдыда Дүйнөлүк чемпионаттын плей-офф же оюндан ыргып кетүү этабы башталганы турат.
Ишембиде Бразилия жакын коңшусу Чили менен Белу-Оризонтиде беттешет.
Уругвай Колумбия менен ойнойт. Жекшемби күнү Нидерланддар Мексика менен, Аргентина болсо Швейцария менен беттешет.
Луис Суарес
Уругвайлык футболчу Луис Суареске дагы бир баш оору табылды. Анын башкы демөөрчүлөрүнүн бири саналган букмекердик компания футболчуну өз тизмесинен алып салды.
ФИФА Суарести Италиянын оюнчусун тиштеди деп таап, тогуз эл аралык оюндан жана төрт айга футболдон четтеткен.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Деген менен бул окуя испаниялык "Барселона" клубунун Суареске кызыгуусун токтоткон жок. Клуб келишим жактырылса, Суарести "Ливерпулдан" сатып алууну көздөйт.
Каршылашын тиштеп алган Суарес футболдон гана четтеп калбай, социалдык түйүндөрдөгү тамашага да себеп болду.
Эми футболдон четтеген "Ливерпулдун" оюнчусунун интернеттеги тамашаларды көрүүгө көбүрөөк убактысы болот.





























