Берлинде Украинадагы кырдаал талкууланды

Жолугушуунун катышуучулары Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу чараларынын аткарылышына ЕККУ көз салат деп бүтүмгө келишти
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жолугушуунун катышуучулары Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу чараларынын аткарылышына ЕККУ көз салат деп бүтүмгө келишти
Published

Орусиянын, Германиянын, Франциянын жана Украинанын тышкы иштер министрлери Берлинде жолугуп, Украинадагы кырдаалды жөнгө салууга зарыл болгон чараларды макулдашты.

"Максатыбызга жеттик деп айтсак болот", - деп Франциянын тышкы иштер министри Лорана Фабиус айтканын "Рейтер" жазып чыкты.

Атап айтканда, тараптар жарашуунун шарттарын тез арада такташып, чукул арада байланыш топторун чогултуп, аны талкуулоо жөнүндө макулдашканын Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.

Орус жана украин министрлери бекемирээк жарашууга жетишүү үчүн ушул жумада жикчилдердин өкүлдөрү менен үч тараптуу жолугушуу өткөрүүгө макул болушту.

"Ок атышууну эки тараптан тең токтотууга даана умтулуу бар", - деп айтты Берлиндеги экстрендик жыйындан кийин Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер.

Байланыш топторунун кезектеги жолугушуусу ушул жумада өтө турганы айтылды.

Украинын тышкы иштер министри Павел Климкин ок атышууну эки тараптуу токтотуу президент Петро Порошенко сунуш кылган тынчтык планын аткарганда гана мүмкүн болорун баса белгиледи. Жолугушуунун катышуучулары Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу чараларынын аткарылышына ЕККУ көз салат деп бүтүмгө келишти.

Ошондой эле аталган уюмдун байкоочулары Орусиянын чек ара бекеттерине барып, байкоо салышмакчы.