Украина: ок атышуу убактылуу токтотулду

Сүрөттүн булагы, EPA
Украинанын улуттук коопсуздук жана коргоо кеңеши өлкөнүн чыгышына "жымжырттык режимин" киргизгенин билдирди.
“7-октябрда жетишилген макулдашууларга ылайык, саат алтыдан тарта кайрадан “жымжырттык режими” киргизилди, бул учурда аткылоолор жана согуш аракеттери токтотулуш керек”, - деп жазылат коопсуздук жана коргоо кеңешинин маалымат сайтында.
Өзүн элдик республика деп атаган Донецктин бийлиги атышууну токтотуу боюнча билдирүү албаганын айтууда.
РИА новости “Жогорку Кеңешке “жымжырттык режими” тууралуу эч кандай маалымат түшкөн жок, башкача айтканда, коопсуздук жана коргоо кеңешинен же башка тараптан эч ким расмий кайрылган жок”, - деген Донецктин Жогорку Кеңешинин вице-спикери Мирослав Руденконун сөзүн келтирди.
Ошол эле учурда жикчилдердин лидери Донецктин борборунда кечинде чындыгында тынч болуп калганын, атуу жана жарылуунун үнү угулбаганын билдирди.
Би-Би-Синин корреспонденти билдиргендей, Донецктеги атышуулар жергиликтүү убакыт боюнча 17:00дөрдө токтогон.

























