Гонконгдо антимитингчилердин акциясы өтүүдө

Бул өнөктүккө такси айдоочулар да келип кошулду. Себеби, алар көп күндөр бою көчөлөрдүн бөгөлүп турганына наарызы. Коопсуздук күчтөрү антимитингчилер менен демократияны колдогон топторду ажыратууга аракет кылды.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул өнөктүккө такси айдоочулар да келип кошулду. Себеби, алар көп күндөр бою көчөлөрдүн бөгөлүп турганына наарызы. Коопсуздук күчтөрү антимитингчилер менен демократияны колдогон топторду ажыратууга аракет кылды.
Published

Гонконгдо антимитингчилердин акциясы өтүүдө. Бүгүн Гонконгдун финансылык борборун антимитингчилер ээлеп турушту. Алар демократияны жактаган демонстранттар тарабынан коюлган баррикадаларды бузуп салышкан.

Бул өнөктүккө такси айдоочулар да келип кошулду. Себеби, алар көп күндөр бою көчөлөрдүн бөгөлүп турганына наарызы.

Коопсуздук күчтөрү антимитингчилер менен демократияны колдогон топторду ажыратууга аракет кылды. Бирок, студенттер полиция жетиштүү аракет көргөн жок деп эсептешет.

“Эки машине турган. Анан чыр чыгып кетти. Полиция жөн гана видеого тартып турду. Алар баррикадаларды бузгандарга каршы эч нерсе кылган жок. Абал коркунучтуу”, - деди студенттердин бири.

Мындан мурдараак бул тосмолорду полиция өзү алып салууга аракет кылган. Расмийлер шаардагы транспорттук байланыштарды жөнгө келтирүүнү көздөөрүн айтышкан.

Адам укуктарын коргогон активисттер Гонконгодо жана Кытайда сентябрдын соңунда башталган бул нааразылыктарга катышкан ондогон кишилер камакка алынды деп эсептешет.

Негизинен студенттерден турган демонстранттар Гонконгдогу 2017-жылы өтүлүүчү шайлоо эркин болбойт деп нааразы. Алар Гонконгдун жетекчисинин кызматтан кетишин талып кылышууда.

Бирок, мындай талаптар четке кагылды. Шаарда бул сыяктуу тирешүүлөр улана берет деп божомолдонууда.