Жапонияны "Вонгфонг" тайфуну каптады

Окинавада отуздан кем эмес киши оор жаракат алды. Жүз миңдеген киши үйүн таштап кетүүгө аргасыз болду.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Окинавада отуздан кем эмес киши оор жаракат алды. Жүз миңдеген киши үйүн таштап кетүүгө аргасыз болду.
Published

Окинава аралында башталган "Вонгфонг" Жапониянын негизги аралдары болгон түндүккө жылууда. Катуу шамалдан жана жаандан улам аймакта абадан маалымат алуу кыйындады.

Окинавада отуздан кем эмес киши оор жаракат алды. Жүз миңдеген киши үйүн таштап кетүүгө аргасыз болду. Дем алыш күндөрү тайфун аралдын электр зымдарын үздү, дарактарды тамыры менен кулатты.

Жапониянын электр компаниясынын бири өлкөнүн түштүгүндө 50 миңдей үй-бүлө жарыксыз калганын билдирди.

Дүйшөмбү таң менен тайфундун Кюсю аралына жетээри кабарланган. Бул жерде шамалдан улам ыкчам поезддер токтотулган.

Жапон метеорологиялык кызматынын айтымында, “Вонгфонг” тайфунунун ылдамдыгы саатына 120 чакырым болуп, катуулаганда 175 чакырым саатка жетет.

Метеорологдор тайфун дүйшөмбүдө Хонсю аралынын түштүк-батышынан, шейшембиде Токиодон өтөөрүн эскертишти. Божомолдоого ылайык, Кюсю аралына көп жааган жамгырдан сел жана көчкү жүрүшү күтүлүүдө.