Полиция Гонконгдогу баррикадаларды тазалады

Апта башынан бери полиция митингчилер бууп алган шаардын негизги магистралдарын тазалоо аракетин көрүүдө.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Апта башынан бери полиция митингчилер бууп алган шаардын негизги магистралдарын тазалоо аракетин көрүүдө.
Published

Гонконгдун полициясы шаардын борбордук бөлүгүндөгү демонстранттар тарабынан курулган баррикадаларды алып салды. Демонстранттар каршылык көрсөткөн жок.

Апта башынан бери полиция митингчилер бууп алган шаардын негизги магистралдарын тазалоо аракетин көрүүдө. Мындай операциялардын жүрүшүндө бир нече ирет полиция менен кагылышуулар орун алды.

Мындан бир нече күн мурун полиция кызматкери демонстранттардын бирин сабап жатканы жергиликтүү теелканалдан көрсөтүлгөндөн кийин акция катышуучуларынын чоң нааразылыгын жараткан.

Негизинен студенттерден турган демонстранттар Гонконгдогу 2017-жылы өтөт турган шайлоо эркин болбойт деп үч аптадан бери нааразылык акциясын өткөрүүдө.

Гонконгдун администрация башчысы Лян Чжэнъин, бийлик каршылык акциясынын лидерлери менен жаңы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр деди.