Орусия менен Украина газдын баасын макулдашты

Сүрөттүн булагы, Reuters
Брюсселде өткөн сүйлөшүүлөрдө орус тарап Украинага бериле турган газдын баасы ноябрь, декабрь айлары үчүн миң кубометри 378 доллар болгонун билдирди.
Буга чейин бул туралуу Украинанын энергетика министри Юрий Продан маалымдап, бул баа базар баасына жакын экенин айткан эле. Министр марттын соңуна барып, миң кубометр үчүн баа 365 доллар болорун белгиледи. Бирок "Газпром" жетекчиси Алексей Миллер муну өзү тастыктай элек.

Сүрөттүн булагы, AFP
Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин Орусия кийинки жылдын март айына чейин газ бере турган болду. Бул сүйлөшүүлөргө Евробиримдиктин энергетика комиссары Гюнтер Эттингер дагы катышты.
Эттингер март соңуна чейин Украина орус газына алдын ала төлөмдөр үчүн каржат алып турарын айтты. Украина биримдиктен жана Дүйнөлүк валюта корунан каражат алып, Орусияга карызынан биротоло кутулат деп сүйлөшүлдү. Расмий Москва Евробиримдиктен газ акысы үчүн кепилдигин да алууга жетишти.
Евробиримдиктин комиссары билдиргендей, 1 млрд. 450 млн. доллар Орусияга төлөнүп берилип, “Нафтогаз” үчүн 1 млрд. 65 млн. доллар жыл соңуна чейин төлөнүп бүтөт. Биротоло эсептешүү Стокгольм арбитражынан кийин болот деди Эттингер.

























