Австриялык вело-жарышчы Матиус Брендл рекорд койду

Published

Дүйнөдөгү маанилүү спорт жаңылыктары менен таанышып алыңыз.

ФУТБОЛ

Англиянын Премьер-лигасы

Англиянын футбол лигасынын кубогунда өлкөнүн эки ири клубу жеңишке кыйналып жетишти. “Ливерпуль” акыркы мүнөттө гол киргизип “Суонсини” утту.

Ал эми Лиганын экинчи тепкичиндеги “Шрюсбури” өзүнө гол киргизип алгандан кийин, “Челси” 2:1 менен араң жеңди. “Челсинин” тренери Жозе Моуриньо айрым оюнчулар начар ойногондуктан эмдиги таймашка чыкпайт деди.

“Манчестер Сити” болсо антип да жеңе албады. Команда “Ньюкасл” менен ойноп 2:0 менен утулду. Өз кезегинде “Ньюкасл” Этихад стадионунда 12 жолу ойноп биринчи жолу жеңди. Ошондой эле “Тоттенхэм” 2:0 менен “Брайтонду” утуп алды.

Белгилүү калыс Марк Клатенбёрг протоколду эки жолу бузганы үчүн апта соңундагы оюндардан четтетилди.

Ал “Кристал Пэластын” тренери Нил Уорнок менен “Вест Бромвич Альбионго” каршы беттештен кийин телефон аркылуу сүйлөшкөн. Андан тышкары оюндан кийин концертке жалгыз кетип калган. Протоколго ылайык калыстар тобу коопсуздук үчүн стадионго чогуу келип чогуу кетиши керек.

Ал ортодо Премьер-лигадагы клубдарда жергиликтүү оюнчулардын саны мурда болуп көрбөгөндөй аз экенин иликтөө көрсөттү. Жергиликтүү оюнчулар 14 пайызды түзсө, алардын 77 пайызы гана англичандар.

Алтын Топ сыйлыгы

Дүйнөнүн мыкты футболчусун аныктаган "Алтын Топ" сыйлыгына талапкерлер жарыяланды.

“Реал Мадридден” Криштиану Роналду бул наамды сактап калгысы келет, бирок, аны “Барселонадан” Лионель Месси талашууда. Месси бул наамды соңку 4 жылда 3 жолу жеңген.

23 футболчудан турган тизмеде Роналдунун командалашы Гарет Бейл дагы бар. Тиштенчек Луис Суарес тизмеге илинген жок.

ТЕННИС

Теннисте жайында Уимблдондо Григор Димитровдон утулуп калган Энди Маррей Париж Мастерс таймашында аны жеңип өчүн алды.

Эми ал дүйнөлүк биринчи ракетка болуп турган Новак Джокович менен чейрек финалда беттешет. Кечээки жеңишинен кийин Маррей Лондондо эмдиги айда өтчү Дүйнөлүк турга катыша алат.

Новак Джокович болсо Филип Кольшрайберди утуп алды. Джокович өзүнүн дүйнөдөгү биринчи ракетка наамын сактап калууга умтулат. Анын артында Рожер Федерер келатат.

ВЕЛО-ЖАРЫШ

Испаниялык Альберто Контадор 2014-жылдын мыкты вело-жарышчысы деген наамды утуп алды.

Ал травма алып быйылкы Тур де Франс жарышына катышпай калган. Бирок айыккандан кийин Испаниядагы Вуэльта-Эспана жарышын үчүнчү жолу жеңип алды.

Ал канында тыйуу салынган козуткуч табылып 2010 жылы Франциялык, 2011-жылы Италиялык жарыштагы жеңиштеринен ажырап калган.

Австриялык вело-жарышчы Матиус Брендл бир саатта эң алыс аралыкка жетип, рекорд койду.

Швейцариядагы велодромдо ал 51 бүтүн 85 чакырым аралыкка жеткен. Буга чейин бир саатта 51 бүтүн ондон бир километр рекордун өткөн айда эле Йенс Войт койгон эле.

ФОРМУЛА-1

Маруся командасы банкроттукка туш болгон экинчи топ болуп калды. Андан мурун Катерхэм командасы банкрот болгон.

Эки команда тең дем алыш күнкү Америкалык Гран-При жарышынан чыкты. Марусянын айдоочусу Жюль Бьянки Жапонияда кырсыкка учурагандан бери ооруканадан чыга элек.