АКШ ракетадан коргонуу системасын сыноону ийгиликтүү өткөрдү
Published
АКШнын аскерлери ракетадан коргонуу боюнча кораблдик “Иджис” системасынын жардамы менен Тынч океанынын үстүнөн эки канаттуу жана бир баллистикалык ракетаны бир маалда атып түшүрүштү.
АКШнын коргонуу министрлигинин Ракетадан коргонуу системасы боюнча агенттиги тараткан маалыматка караганда, “Джон Пол Джонс” аталган америкалык эсминец катышкан сыноолор Гавай аралынын районунда өткөрүлдү.
Кауаи аралындагы полигондон учурулган үч ракета ракетадан коргонуу системасына кирген радар менен табылды.
Аталган агенттиктин маалыматында бул 2002-жылы башталган “Иджис” программасы боюнча 35-жайкы сыноолордун жүрүшүндө болгон жыйырма тогузунчу жолку ракетаны ийгиликтүү атып түшүрүү болуп саналат.
























