Кытай менен Жапония сүйлөшүү өткөрүүдө

Сүрөттүн булагы, Getty
Кытайдын президенти Си Цзинпин менен Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ, Азия Тынч океан кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында эки лидер бийликке келгенден бери биринчи жолу расмий сүйлөшүү өткөрүшүүдө.
Кытайдын баш калаасы Бээжинде саммитке тоскоол болбош үчүн окуу жайлар жана иш каналар жабтырылып, коопсуздук кызматкерлер күчөтүлгөн режимде иш алып барууда. Кытайдын тез экономикалык өнүгүүсүнөн кийин өлкө Кытай деңизиндеги талаштуу аралдарды өзүнө тиешелүү деп жарыялап, коңшуларынын кыжырына тийген.
Жапония жана Кытайдын мамилеси чыңалып кеткенден кийин айтылган эки өлкөнүн лидерлери алгачкы сүйлөшүүсүн өткөрүштү. Өткөн аптада дүйнөнүн экинчи жана үчүнчү ири экономикасы деп эсептелген эки өлкөнүн өкмөттөрү коопсуздук маселесине токтолуп, крисизти алдын алуу жана туруктуулукту орнотуу үчүн чаралардын үстүнөн иштөөгө маакулдашышкан. Бирок деңиздеги аралдар боюнча эки өлкөнүн талашын кандай жол аркылуу чечилээри дале белгисиз.
Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ бул жоолугушууну алгачкы эле кадам деп мүнөздөдү:
“Бул эки өлкөнүн мамилесин оңдоп, кызыкчылыктарыбызды аныктоого багытталган биринчи кадамыбыз болду. Жапония жана Кытайдын туруктуу мамилесине коңшу өлкөлөр эле эмес, эл аралык коомчулук да кызыкдар.”
Сүрөткө түшүү жана кол алышуудан тышкары Азия Тынч океан кызматташтык уюмунун саммити карама-каршы көз караштар менен ири державалардын лидерлерин бириктирүүдө. Эл аралык коомчулук саммиттин жыйынтыгына көңүл бурууда.
























