Дэвид Кэмерон Россияга жаңы санкцияларды саларын эскертти

Донецк тарапта Россия жактан оор аскердик техника кирип жатканын байкоочулар байма-бай билдирип жатышат.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Донецк тарапта Россия жактан оор аскердик техника кирип жатканын байкоочулар байма-бай билдирип жатышат.
Published

Украинанын чыгышындагы Россиянын мыйзамсыз аракеттери Москвага карата санкциялардын дагы күчөшүнө алып келет деп билдирди британ премьер-министри Дэвид Кэмерон.

Австралиянын Канберра шаарында “Чоң жыйырмалыктын” алдында сүйлөгөн сөзүндө Кэмерон Россия Украинага “көз каранды эмес жана эркин өлкө” катары өз жолун тандап өнүгүүгө жол бериши керек деп айтты.

"Эгер Россия Украинанын эркиндиги менен жоопкерчилигине ак дилден мамиле кылса, санкциялар токтотулушу мүмкүн. Эгер Россия кырдаалды курчута берсе, анда санкциялар дагы күчөшү мүмкүн”,-деди британ премьери.

Украина жикчилдер көзөмөлдөгөн өлкөнүн чыгышына Россия аскердик техника менен жөө аскерлерди тымызын көчүрүп жатат деп билдирүүдө. НАТО менен ЕККУ бул маалыматтарды ырасташууда, ал эми Москва четке кагууда.