Австралияга “Чоң жыйырмалыктын” саммитине дүйнөлүк лидерлер келе баштады

Published

Дүйнөлүк лидерлер “Чоң жыйырмалыктын” саммитине катышуу үчүн Австралияга келе башташты.

Эки күндүк саммитке башкалар менен катар АКШ менен Россиянын президенти катышат, ал жыйында негизинен экономикалык өсүш проблемалары каралат.

Австралиянын премьер-министр Тони Эбботтун айтымында, дүйнөлүк лидерлер жаңы иш орундарынын түзүлүшү, салык алдамчыларын аныктоо жана дүйнөлүк экономиканы бекемдөө маселелерин талкуулашат.

Украинадагы кризистин айланасындагы чыңалган мамилелер да көңүлдөн сырткары калбайт. Ошол эле учурда активисттер климаттын өзгөрүшү жөнүндө маселени күн тартибине киргизүүнү талап кылышууда.

Брисбенге 13 мамлекеттин башчылары келиши күтүлүүдө.