Дүйнөдө террорчулук күчөдү, курмандыктардын саны өстү

Сүрөттүн булагы, AFP
2013-жылы дүйнөдө дээрлик 18 миң адам террордук актылардын курмандыктары болду, бул өткөн жылга караганда 61% көп. Бул маалыматтар Global Terrorism Index шейшембиде жарыялаган баяндамада айтылат.
Террористтердин кол салуулары ошол эле убакта 44 пайызга көбөйдү: 2013-жылы жалпысынан он миңдей теракт болду.
Теракт окуяларды жыл сайын жыйнап иликтөө чыгарып келаткан Дүйнөнүн экономикасы институтунун башчысы Стив Киллелинин сөзүнө караганда, 2013-жылы террорчулуктун мынчалык күчөп кетиши биринчи кезекте Сириядагы жарандык согуш менен байланыштуу.
Теракттардын эң көп курмандыгы 2013-жылы Иракта болду - алты миңден ашык адам. Андан кийин Афганистан, Пакистан, Нигерия жана Сирия турат.
Террорчулуктун курмандыктарынын 80 пайызы ушул беш өлкөгө туура келет.
Экстремисттер
“Ислам мамлекетинин", "Аль-Каида", "Боко Харам" жана "Талибандын" согушкерлери эң көп адамдын канын төгүп, өмүрүн кыйышты.
Баяндамада айтылгандай, ушул төрт топ ваххабизмди экстремисттик жол менен жоромолдогон диний идеологияны пайдаланат.
"Диний экстремиздин мындай толкунуна каршы туруу үчүн ислам чөйрөсүндө сабырдуу суннит багытын кармануу зарыл”,-деп айтылат баяндамада.
Ошол эле учурда экстремисттерге ислам дүйнөсүнүн сыртынан эмес ичинен таасир көрсөтүү зарылдыгы баса белгиленет.
Авторлордун баамында ошону менен катар диний идеология террорчулуктун бирден бир себеби эмес.
Андан сырткары, көп өлкөлөрдө терроризм саясий, улутчул жана жикчил кыймылдардан тутанууда.
Баяндамада 2013-жылдын 31-декабрына чейинки маалыматтар гана бар.
“2014-жылдын жыйынтыктарын болжобой эле турайын, бирок кырдаал жакшырып кетерин айтыш кыйын”,-дейт Стив Киллели.




























