Орусия Белорус этинен баш тартты

Published

Шаршембиде Орусиянын белорусиялык дагы сегиз ишкананын товарына киргизген чектөөсү күчүнө кирди. Ага ылайык, Орусияга жөнөтүлчү 400 миң тонна беларус этине тыюу салынды. Бул Белорусиянын эт экспортунун дээрлик бардык бөлүгүн түзөт.

Орусиянын айыл-чарба продукцияларын көзөмөлдөө мекемеси билдиргендей, мындай чечим белорус азык-түлүктөрү Орусия менен Бажы биримдигинин талаптарына жооп бербегендиктен, аларда зыяндуу микроорганизмдер жана антибиотиктер табылганы үчүн кабыл алынган.

Минскте болсо Беларустун айыл-чарба министри Алексей Богданов Орусия мындай сынын бир нече күн мурда эле айтканын, орус тарап азык-түлүктөн тапкан зыяндуу нерселерди, беларус лабораториялары таппаганын белгилеген. Ошондой эле: "Биз 56 өлкөгө экспорт кылабыз, продукцияларды каякка жибериштин жолун табабыз",-деп кошумчалаган.

Апта башында Орусия Беларусиянын он ири ишканасынын продукцияларына тыюу салган. Бирок ага Белорусиядан тыюу салынган Батыш продукциялары келип жатат деген жүйө себеп болгон.

Кыргызстан Бажы биримдигине киргенде 170 миллиондук рынок ачылаарын айтып келет. Бирок Беларустун эти Орусияга кирбей жатканын эске алганда, бул уюмга киргенде экспорт көздөгөндөй гүлдөп өсүп кетеби? Бул суроо менен Камсыз кылуучулар бирикмесинин жетекчиси Гульнара Ускенбаевага кайрылдык.

Гульнара Ускенбаева: Уюмга киргендин эртеси күнү же бир жылдан кийин экспорт гүлдөп кетпейт. Мен бир нерсеге эле ишенем, жалгыз калганда эмес, биримдикте өнүгүү болот. Регионалдык интеграциянын да өзүнчө күчү бар. Биз Дүйнөлүк соода уюму менен сүйлөшкөндө регионалдык интеграцияны жакшы деп сыпатташкан. Регионалдык соодада канчалык бириксеңер, ошончолук жакшы дешкен. Башка маселе, биздики канчалык ийгиликтүү ишке ашып кетери. Менимче, жалгыз оронуп алгыча, чек аралардын ачылганы экономикабызга жардам бериши керек.

Би-Би-Си: Бирок Бажы биримдигине кирген Казакстан да мурда Орусияда өз товарларына карата жасалма тоскоолдуктар болуп жатат деген. Орусия өз себептерин айтып, эми Беларусиянын этинен баш тартты. Кыргызстан Бажы биримдигине киргенде анын продукциялары да Казакстан, Орусия, Беларусияда эркин жүгүртүлөт дегенге ким кепилдик берет?

Гульнара Ускенбаева: Андай кепилдикти биздин сүйлөшүү өткөргөн адамдар бериши керек. Тил табышуу чеберчилигин, дипломатияны эч ким жокко чыгара элек. Ал эми алардын канчалык сүйлөшүүлөрдү ийгиликтүү өткөрүп, шарттарды кандай түзөөрү, бул башка маселе. Бул, албетте, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн адамдардын кесипкөйлүгүнө көз каранды.Бул жерде эч ким кепилдик бере албайт. Тиешелүү адамдар биздин кызыкчылыгыбызды коргой алат деп ишенүүдөн башка жол жок.