Мексиканын президенти полицияны реформалайт

Сүрөттүн булагы, EPA
Мексиканын президенти Энрике Пенья Ньето каршылык акциясын басуу учурунда 43 студенттин жоголуп кеткенине байланыштуу муниципалдык полицияны жоюп кайра түзүү пландарын жарыя кылды.
Президенттин пландары боюнча жергиликтүү полициянын бардык 1800 бөлүгү таркатылып, андан кийин федералдык көзөмөлгө коюлат.
Мексикалык басма сөз жазганына караганда, муниципалдык полицияда коррупциянын деңгээли абдан бийик. Жер-жерлердеги кээ бир полиция бөлүмдөрү баңгизат соодасы менен байланышкан иштерди иликтөөдөн баш тартышкан учурлар болууда.
26-сентябрда Герреро штатындагы Игуала шаарында демонстранттар менен полиция күчтөрү кагышкандан кийин бул чырга аралашкан бир топ студент бейдарек жоголду.
Алардын жоголуп кетиши массалык каршылык акцияларына алып келди. Көптөгөн мексикалыктар студенттерди баңгизат саткан мафиялар өлтүрүп салды деген бийликтин билдирүүсүнө ишенбей жатышат.
Күбөлөр демонстрациянын кээ бир катышуучуларын Игуалада полиция алып кеткенин көрүшкөнүн айтышууда.
Конституциялык реформалар
Герреро штатындагы кагышууда алты адам курман болуп, 17 жарадар болгон, 57 адам бейдарек жоголуп, алардын 14 кийин үйүнө кайтып келди.
Ноябрь айынын башында өлкөнүн башкы прокурору Хесус Мурильо Карам жоголгон студенттердин иши боюнча кармалган шектүү адамдар кырктан ашык жаштарды өлтүрүшкөнүн моюндарына алып жатышканын айткан.
"Мексика өзгөрүүгө тийиш", - деп айтты Энрике Пенья Ньето өзүнүн телеканал аркылуу берилген сөзүндө. Анын айтымында, полициядагы структуралык өзгөрүүлөрдү жасаш үчүн конституциялык реформалар керек болот.
Бул реформалар баңгизат соодасы менен байланыштагы жергиликтүү бийлик органдарын таратып жибергенге укуктуу болушу керек.
Полицияны реформалоо боюнча пландар Мексиканын конгрессинин кароосуна келерки жумада коюлат.




























