Порошенко өлкө чыгышына “жымжырттык күнүн” жарыялайт

Украин президенти Петр Порошенко өлкө чыгышындагы орусиячыл жикчилдер менен жарашууга жаңы демилге сунуштады. Күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен өткөргөн жыйында Порошенко Донбасска 9-декабрдан баштап “жымжырттык абалын” киргизүүнү жарыялаган.
Луганск, Донецк аймактарынын ар кайсыл бөлүктөрүн көзөмөлдөп турган украинанын өкмөттүк күчтөрү менен жикчилдер 5-сентябрда Минскиде ок атышпоо туралуу келишимге жетишкен эле. Бирок буга карабастан куралдуу кагылышуулар орун алып келатат. БУУнун маалыматына караганда жарашуу келишимине жетишкенден кийинки эле кагылышууларда миңге жакын киши каза тапты.
Эгер Донецк менен Луганкс аймагын көзөмөлдөп жаткан жикчилдер жарашуунун шарттарын аткарса, анда 10-декабрдан баштап армия кагылышуулар болуп жаткан аймактардан оор техникаларын алып чыгып кетет деп айтылып жатат.
"Луганск элдик республикасы" деген кыймылды жетектеп жаткан Игорь Плотницкий РИА Новости агенттигине жарашуу туралуу оозеки гана сүйлөшүүлөр болгонун, бирок документке кол коюла электигин айткан. Ушундай эле пикирди "Донецк республикасынын" жетекчилиги да билдирген.

























