Сирия: Израиль Дамасктын жанында абадан сокку урду

Сүрөттүн булагы,
Published
Сирия армиясы Израилди Сирия аймагында абадан сокку жасаганы үчүн айыптады.
Сириянын мамлекеттик телеканалы билдиргендей, Израиль борбор калаа Дамасктын эл аралык аэропортуна жакын жердеги объектилерге жана Димас шаарына абадан сокку уруп, бутага алган.
Дамаск бул чабуулду “Израиль тараптан келген агрессия” деп баалады.
Жергиликтүү тургундар билдиришкендей, алар жардыруулардын үнүн угушкан.
Бактыга жараша, аба соккуларынан эч ким каза болгон эмес. Израиль азырынча бул билдирүүнү тастыктай элек.
2011-жылдан бери Израиль Сириянын аскерий объектилерине бир нече ирет сокку урган. Бул жылдар аралыгында Сирияда ар кандай куралдуу кагылышуулар болуп келатат.

























