Маляриядан өлүм-житим эки эсе кыскарды

Сүрөттүн булагы, AFP
Маляриядан болгон өлүм-житим дүйнөдө акыркы жыйырма жылда жарым-жартылай кыскарганы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун баяндамасында айтылат. Аталган уюмдун маалыматына караганда 2000-2013-жылдары маляриядан ажал тапкандар 47 пайызга азайды.
Малярия өлүмгө алып келген учурлардын 90 пайызы туура келген Африкада өлүм-житим 54 % кыскарды.
Баяндамада айтылгандай, малярия менен күрөшүү боюнча эл аралык иш-аракеттер төрт миллиондон ашык адамды сактап калды, анын ичинде көпчүлүгү Африкадагы Сахаранын түштүгүндөгү беш жашка толо элек балдар.

Сүрөттүн булагы,
Бул жерде ооруларды диагностика кылуу жана дарылоо жакшырды, ошондой эле каржылоонун көлөмү көбөйүп, ал маскиттерден коргонуучу инсектицид менен иштетилген сеткалар менен көп адамды камсыздоого мүмкүнчүлүк берди.
Саламаттык сактоо уюмунун өзүнүн баяндамасында ошондой эле малярия менен күрөштөгү прогресс Эбола вирусунун коркунучуна кабылган өлкөлөрдө текке кетиши мүмкүндүгүн эскертет, анткени аларда көп ооруканалар жабылып калган экен.
























