Дрезденде “Батыштын исламдашуусуна” каршы акция өттү

Сүрөттүн булагы, Reuters
Германиянын Дрезден шаарында 10 миңге чукул киши “Батыштын исламдашуусуна” каршы нааразылык акциясын өткөрдү. Акциянын алдында беш миңдей киши катышкан бул демонстрацияга каршы жүрүш болгон эле.
Дрезден "Мекенчил европалыктар Батыштын исламдашуусуна каршы” (PEGIDA) кыймылынын мекени эсептелет. Бул кыймылдын жактоочулары бир апта мурун ири митинг өткөрүшкөн.
Германия канцлери Ангела Меркель өлкөдө мигранттар туралуу жалган кептердин тарашына жол бербейм деп айтты. Ал өлкө жарандарын сак болууга үндөп, экстремисттердин чагымына алдырбагыла деди.
Юстиция министри Хейко Маас, исламга каршы жүрүштөрдү абдан уят иш деп мүнөздөдү. Ал эми евроскептиктердин AfD ("Германияга альтернатива") партиясы акцияларга симпатиясын билдирген.
Германиялык басылмалар PEGIDA кыймылы Facebook социалдык тармагындагы 41 жаштагы Лутце Бахмандын демилгесинен өсүп чыкканын жазып чыгышты. Бахман баңгизатка байланыштуу эки жыл абакта олтурганы айтылып жатат.
AfD партиясынын шаардык бөлүмүнүн өкүлү Фрауке Петри, “PEGIDA кыймылынын жактоочулары качкындарга да диний экстремизимге тыюу салган германиялык мыйзамдар иштеши керектигин айтып, адекваттуу эмес мыйзамдарга каршылык кылып жатышат” деп айтты.
Башкаруучу коалицияга кирген солчул багыттагы Cоциал-демократтар партиясы "Мекенчил европалыктар Батыштын исламдашуусуна каршы” (PEGIDA) кыймылынын уюштуруучуларын “улутчулдар” деп айыптады.
Европа өлкөлөрүнүн ичинен Германия анчейин көп эмес сандагы мигранттарды кабыл алат. Бул жылы германиялык жарандык алуу өтүнүчү менен кайрылгандар 200 миң кишиге жеткен. Өткөн жылы бул сандар 127 миң болгон.
Өткөн жекшембиде Кельнде 15 миңдей киши “Сиз улутчулдар жок Кельндесиз” деген лозунг алдында өздөрүнүн толеранттуулугун билдирүү максаты менен демонстрацияга чыгышкан.
Деген менен бул жылы Германияда миграция байланышкан маселе курчуду деп айтылып жатат. Согуштук чыр-чатактар жүрүп жаткан Ирак, Сирия сыяктуу өлкөлөрдөн келген качкындардын саны арткан.




























